Бишкекте унаанын айнегине кыш ыргыткан шектүү кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери бейбаштыкка шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

15-майда саат 13:30 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Кулиев көчөсүндө уунаанын терезелерин талкалап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, 1987-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсинин токтоп турган унаасынын терезелерин бейтааныш адам кыш менен талкалап, андан ары качып кеткенин билдирген. Чакыруу менен барган кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-аракеттерин жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришти.