Бишкекте унаасы менен жолду тороп, жаранды сабаган шектүүлөр кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштык кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

20-октябрда Ленин РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Анда эки жаран ошол күнү саат 15:30 чамасында Ак-Ордо конушунда унаасы менен жолду тороп, денесине жаракат келтиришкен. Андан соң белгисиз тарапка качып кетишкен. Аталган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1991 жана 1999-жылы туулган жарандар милицияга жеткирилди.