Бишкекте уруксат кагаздары жок иштеп жаткан кафенин иши токтотулду

Бишкектеги «Сычуань» кафесинин иши токтотулду. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кафенин уруксат кагаздары болгон эмес. «10-сентябрда Бишкек шаары боюнча мамлекттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын инспекторлору тарабынан интернетке чыгып кеткен кайрылуунун негизинде жерине барып, белгиленген тартипте тийиштүү иш-чаралар алып барылды.

Кафенин ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбагандыгы үчүн Башкармалык тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, акчалай айып салынып материалдар сот иштерине өз убагында жиберилген. Азыркы учурда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун аткаруу баракчасы белгиленген тартипте башкармалыка келсе, сот аткаруучулар менен биргеликте баштапкы абалына келтирүү иштери жүргузүлөт»,- деп айтылат маалыматта.