Бишкекте уруштун айынан бычак сайылды. Шектүүлөр кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

17-декабрда саат 02:40 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына 7-апрель менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде бирөөгө бычак сайылганы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, 1990-жылы туулган жаран балдар  урушуп, бирөөсүнүн артына бычак сайып, качып кеткендигин айткан. Кылмышка шектелип, 1997-жылы жана 1996-жылы туулган жаран кармалып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришти.