Бишкекте уулануудан 11 адам жабыркады. Алар “Эл эмне жейт” кафесинен шаурма жешкен

Бишкекте тамак-аштан массалык уулануу катталып, 11 адам жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти. 

Маалыматка караганда, ууланууга Чүй проспектиси 110 дарегинде жайгашкан “Эл эмне жейт” фастфуд түйүнүндө шаурма жегени себеп болгон. Кафе уулануунун себептери такталып, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы алынганга чейин жабык болот. 

Көзөмөлдөө адистери микробиологиялык коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча үлгүлөрдү алуу жана тампондор менен объектке пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүштү. Жеринде профилактикалык мүнөздөгү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлүп, мыйзам бузуулар боюнча беренесине ылайык, 13 миң сом айып салуу жөнүндө чечим кабыл алынган.