Бишкекте уурулукка кирүүгө аракет кылган шектүүнү үй ээси видеого тартып алган (видео)

Бишкекте уурулукка аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

4-сентябрь күнү Ленин РИИБге жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 11:00 чамасында белгисиз адам Ак-Ордо 3 жаңы конушунда жайгашкан үйүнө кирип, терезесин ачканга аракет кылганын, үй ээси аны байкап калганда белгисиз тарапка качып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37,205-беренесине (уурдоого аракет кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалган. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.