Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү аялдын телефонун тартып алууга шектелүүдө

Бишкекте тоноого шектелген, мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, июль айында Бишкек шаарында белгисиз адам күч колдонуп, борбор калаанын тургунун коркутуп 20 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алган. Белгисиз адам андан кийин телефонду күрөөканага күрөөгө койгон.

Жабырлануучу милицияга ноябрь айында гана жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттер боюнча чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. Бул факты боюнча «тоноо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышта экени жана мурда бир нече жолу соттолгондугу аныкталган. Кечээ, 7-декабрда ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө кылмышка шектүү катарында 1983-жылы туулган Нарын облусунун тургуну кармалды.

Алынган маалыматтарга караганда, кармалган жаран кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманып, мурда бир нече жолу соттолгон, анын ичинде оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда тураары аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.