Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгына «Степан» аттуу жаран Бишкек шаарында вебкам студиясын уюштуруп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаранын жыйынтыгында, 1995-жылы туулган Л.С.Р. жана 2006-жылы туулган К.В.Э. аттуу шектүүлөр кармалып тергөө кызматына жеткирилип, «Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү» беренеси боюнча айыпталды. Учурда тергөө иштери улантылып, кылмышка байланыштуу башка жарандарды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.