Бишкекте велосипед тээп бара жаткан жаранды сүзүп кеткен айдоочу кармалды (видео)

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан велосипед тээп бара жаткан жаранды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Социалдык тармактарда велосипед менен бара жаткан жаранды сүзүп, андан ары кетип калган унаа тууралуу видео тараган. Жабыркаган жарандын 2006-жылы туулгандыгы аныкталган. Шектүү катары  Daewoo Nexia үлгүсүнүн 1979-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин тергөө бөлүмүнө жеткирилген.