Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелген жаран тууралуу УКМКдан маалымат таратышты

Бишкектеги 5-кичи райондо апасын уулу жана кызы менен өлтүрүүгө шектелип кармалган адамдын УКМКнын мурдагы кызматкери экенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан. Бул боюнча УКМКдан маалымат беришти.

Шектүү 1986-жылы туулган жаран 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн. «Белгилүү болгондой, Мамлекеттик күзөт кызматы 2010-жылдан кийин жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы пенсияга эмгек стажына байланыштуу УКМКнын 9-кызматынан бошотулган»,- деп айтылат маалыматта.