Бишкекте үч автоунаа кагылышты (видео)

Бишкекетин Садыгалиев менен Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде үч автоунаа кагылышты. Кырсык болгон жерден тарылган видео «Короче» Telegram-каналына жарыяланды.

Жол кырсыгы 20-июнь күнү саат 11:30дар чамасында болгон. Анда Toyota Wish, Mazda жана Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Милициянын Кайгуул кызматынан билдиришкендей, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Автоунаанын баары айып короого токтотулган. Учурда кырсыктын келип чыгышына эмне себеп болгону такталууда.