Бишкекте үч кыздын жалгыз кызга кол салышы. Милиция кылмыш ишин козгоду (видео)

Кечээ, 10-июлда социалдык тармактарда Чүй менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде 3 кыздын 1 кызга кол салганы тартылган видео тараган.

Окуя боюнча Биринчи Май РИИБ маалымат берип, бейбаштык боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти.

«Аталган факты Биринчи Май РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, жарандын денесинен алган жаракаттары «ден соолукка жеңил залал келтирүү» деп табылды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө мушташтын бардык катышуучулары аныкталып, алар райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилип, келүү убадасы менен бошотулган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат, жыйынтыгында тиешеси бар адамдарга юридикалык баа берилет», — дешти.