Бишкекте үч «кыздын» көчөдө чет элдик жаранды сабап жаткан видеосу тарады

Социалдык тармактарда үч «кыздын» көчөдөн чет элдик жаранды сабап жаткан видеосу тараган. Окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришти.

Маалыматка караганда, 6-апрелде саат 04:30 чамасында Ленин РИИБге 3 жаран чет өлкөлүк жаранды сабап жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган.

Милицияга 2002, 2000 жана 2001-жылы туулган жарандар жана чет өлкөлүк 1992-жылы туулган жаран жеткирилген. Учурда териштирүү жүрүп жатат.