Бишкекте үй алам деген жарандын 1 миллион 620 миң сомун алдап кетишкен

Бишкекте кооперативдердин биринин башкармалыгынын төрагасы ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Ушул жылдын 2-декабрь күнү Биринчи май РИИБге жаран 2022-жылдын 31-мартында Раззаков көчөсүнөн, анын ишеничине кирип, алдамчылык жол менен батир алууга көмөк көрсөтөм деп, 1 миллион 620 миң сом акча каражатын ээлеп алган жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Андан кийин, убадасын аткарбай, жеке муктаждыктарына алган акчаны коротуп, белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факты Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеге (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө борбор калаанын аймагында 1984-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалган.