Бишкекте үй-бүлөдө чыр чыгып, келиндин өлүмү менен аяктады

Бишкекте үй-бүлөдө чыр чыгып, аялдын өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу Ленин РИБИден билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-ноябрда саат 07:40 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына ооруканадан кабар түшүп, бычакталган келиндин өзүнө келбей каза болгону айтылган. Аталган факты боюнча териштирүү башталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган. Бишкек шаарынын Шералиев көчөсүндөгү үйдө эртең менен 1997-жылы туулган келин менен 1990-жылы туулган күйөөсү уруша кеткен. Кесепетинен экөө тең бычактан жаракат алып, туугандары тарабынан ооруканага жеткирилген. 27 жаштагы келин алган жаракатынан каза болуп калган. Ал эми 34 жаштагы жолдошу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Тергөө уланууда.