Бишкекте үй-бүлөдөгү чырдан улам эркек киши өлтүрүлүп, жубайы кармалды

Кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Кечээ, 25-сентябрда болжол менен саат 04:26 чамасында «102» кызматына 11-кичи районундагы үйлөрдүн биринде бычактан жарат алган жаран тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган кызматкерлер 1981-жылы туулган жаран төшүнөн бычактан жаракат алганы, жансыз денеси жерде жаткандыгы аныкталган.

Кылмышка шектүү катары маркумдун 1983-жылы туулган жубайы кармалып, Октябрь РИИБге жеткирилген. Кармалган жаран өз сөзүндө үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өзүнүн жолдошун бычак менен сайып жибергендигин билдирген.