3-август күнү милицияга Бишкек шаарынын Жунусалиев көчөсүндө белгисиз адамдар үй ээсине күч колдонуп, уюлдук телефонун жана 120 миң сом акча каражатын алып кетишкендиги жөнүндө маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда, маалымат тастыкталган. 1997-жылы туулган үй ээси белгисиз адамдар колу-бутун байлап, денесине залакат келтирип, күч колдонуп, акча каражатын алып, из жашырып кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, Ысык-Көл облусунун Чоң-Өрүктү айылынан 3 шектүү аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тергөө иш-чаралары улантылууда.