Бишкекте үй өрттөндү (сүрөттөр)

Биринчи Май районундагы Мичурин көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө үч өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, өрт саат 13:53тө чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.