Бишкекте үйдө газ жарылып жабыркаган аял каза болду

Бишкекте үйдө газ жарылып жабыркаган 62 жаштагы аял ооруканага түшкөндөн кийин эртеси каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиргендей, аялдын денесинин 60-70% күйүп, ооруканага оор абалда түшкөн.

«38 жаштагы кызы учурда Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында дарыланууда. Анын бети, колу күйгөн. Учурда абалы туруктуу», — деп бөлүштү министрликтен.

19-январда Бишкектин Көк-Жар районундагы Сейтек көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатындагы батирде газ жарылып, кызы менен энеси жабыркаган.