Бишкекте үйдөн өрт чыгып, 1 адам көз жумду

Бишкекте үйдөн өрт чыгып, бир адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-октябрь күнү саат 23:53 чамасында Свердлов районунун Маяковский көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы туралуу маалымат түшкөн. Ал жерге бир бөлүм барып, өрттү саат 00:18де толук өчүрүшкөн. Турак үйдүн 25 чарчы метр жыгач полу жана үй тиричилик эмеректери күйдү. Кырсыктын кесепетинен турак үйдүн ичинен белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Өрттүн келип чыгуу себеби, каза болгон жарандын аты-жөнү такталууда.