Биринчи Май районундагы Серпухов көчөсүндөгү үйдө өрт чыгып, 2 кыз жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн. Кырсыктын кесепетинен 12 жаштагы кыз иске ууланып, 11 жаштагы кыз көзүнөн жараат алган. Жабыркагандар ӨКМдин куткаруучулары тарабынан Тез жардам кызматына өткөрүп берилген. Өрт толугу менен саат 20:23тө өчүрүлгөн.