Бишкекте үйдөн өрт чыгып, 32 жаштагы киши күйүк алды. Абалы оор (видео)

Бишкекте өрттүн кесепетинен 1 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-ноябрь күнү саат 11:26 чамасында Свердлов районунун Буденный көчөсүндө үйдүн бөлмөсүндө өрт чыгып, диван жана төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1989-жылы туулган эркек киши 3-даражадагы күйүк алып, ооруканага жеткирилген. Абалы оор. Учурда кырсыктын себеби такталууда.