Бишкекте үйдөн өрт чыгып, 58 жаштагы киши каза болду

Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ак-Ордо конушунда турак үйдөн өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен 58 жаштагы бир эркек адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Тилсиз жоонун айынан турак үйдүн болжол менен жалпы аянты 100 чарчы метрди түзгөн чатыры жана ичи күйүп кетти.

Өрттү өчүрүүгө саат 14:45тен тартып Ленин райондук №6 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүштү.