Бишкекте үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду

23-октябрь күнү саат 04:02 чамасында борбор калаанын Дэн Сяопин көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйдүн уктоочу бөлмөсүнүн 7 чарчы метр жыгач полу жана диваны күйгөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Өрттүн кесепетинен бир эркек киши каза болду, анын аты-жөнү такталууда. Жалын саат 04:52 толугу менен өчүрүлгөн. Өрткө тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.