Бишкекте үйдүн 6-кабатынан 2 жашар кыз кулап түштү

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан 2 жашар кыз кулап түштү. Бул тууралуу Сереп Медиа агенттигине Свердлов райондук ИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 18:04тө №3 шаардык клиникалык балдар ооруканасынан милицияга чалып, кичинекей кыз жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн билдиришкен. Ал Чүй проспектисиндеги үйдүн терезесинен кулап түшкөн.

Милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн ооруканага кетишти. Азырынча кыздын абалы тууралуу эч нерсе белгисиз.