Бишкекте үйдүн 8-кабатынан чыккан өрттөн 2 адам куткарылды

Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатынан чыккан өрт саат 13:20да толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты 90 чарчы метрди түзгөн.

Өрт өчүрүүчүлөр үй ичинен 2 адамды куткарып чыгышып, 9, 10, кабаттагы батирлерден 20 адамды эвакуациялашкан. Куткарылган 2 жаран тез жардам кызматына өткөрүп берилип, абалы туруктуу. Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 12:05те Октябрь районунан жалпы 2 күжүрмөн эсеп жана 1 автошаты тартылган. Ал эми саат 12:20да атайын штаб жөнөтүлгөн.