Бишкекте үйдүн алдында жаранды бычактаган шектүү кармалды (видео)

Октябрь РИИБдин кызматкерлери адам өлтүрүүгө аракет кылган шектүүнү кармашты.

18-июнда «102» кызматына Бишкектин 7-кичи районунун короосунда адам бычакталганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Октябрь РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган учурда факты такталып, жабырлануучунун өздүгү аныкталган. Андан соң, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 37, 122-беренесине (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1993-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.