Бишкекте үйгө ууруга киргендер камерага түшүп калышкан (видео)

Милиция кызматкерлери тарабынан батир уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

27-июлда Ленин РИИБге жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган, анда Арча-Бешик конушунда жайгашкан үйлөрдүн бирине уурулукка кирип, 2 алтын шакек жана унаанын 3 отургучун, жалпы баасы 50 миң сом түзгөн буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факты боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык  кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1997-жылы туулган А.К. жана 1994-жылы туулган И.Н. аттуу шектүүлөр аныкталып, кармалган жана Тергөө кызматына жеткирилген.

Ленин районунун соту тарабынан шектүүлөргө карата бир айга Бишкек шаарындагы №1 тергөө камак жайына камакка алуу чечимин чыгарды. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.