Бишкекте үйгө уурулукка кирмек болгон жарандар кармалды

8-июнга караган түнү саат 00:49 чамасында ИИМдин Күзөт кызматынын борборлоштурулган кайтаруу түйүнүнө Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн ыкчам кармоо тобуна Көлмө конушунда жайгашкан үйдөн “Айгай” белгиси берилген.
Кармоо тобу кайтарылган жайга ыкчам келип, уурулар жеке менчикке кирүүгө аракет кылып жатышканын байкашкан. Уурулукка аракеттенгендер үйгө кирүү үчүн эшикти ачууга жасап жаткан аракет учурунда көрүлгөн чаралардын натыйжасында шектүү адамдар кармалып, алардын ким экендиги такталды. Кармалган жарандар 2000-жылы туулган А. уулу А. жана 2004-жылы туулган А.Н. болгон. Аталган адамдар тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБнын тергөө кызматына өткөрүп берилди.