Бишкекте үйлөрдүн биринин меши жарылып, бир аял каза тапты

Бишкекте кечээ дагы бир өрт кырсыгы катталганы жана андан бир адам каза болгону маалымдалды. Анда шаардагы үйлөрдүн биринде жылытуучу меш жарылып, ооруканага 2 чоң киши жана 5 бала күйүк менен жеткирилген. Алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экендиги айтылууда.

Бүгүн 2 чоң кишинин бири 34 жаштагы аял реанимацияда каза болуп калды. Балдардын клиникалык бейтапканасында жаткан 4 баланын абалы канааттандырарлык. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген 34 жаштагы эркек киши менен 13 жаштагы өспүрүмдүн абалы орто.

Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз.