Бишкекте зордукталган кыздын өз жанын кыйышы. Шектүүнүн апасы Жапаров, Ташиев, Зулушевге кайрылды

Бишкекте жашы жете элек кыз зордукталгандан кийин 5 ай өткөн соң өз жанын кыйганМаалым болгондой, 2021-жылдын ноябрь айында 13 жаштагы кыздын агасы милицияга кайрылып, анын дайынсыз жоголгон карындашын таап берүүнү суранган. Үч күндөн кийин кыз табылып, зордукталганы белгилүү болгон. 

«Өспүрүм табылганда ал 21 жаштагы жигит тарабынан зордукталганын айткан. Борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү жабырлануучуну Ленин районунун ички иштер бөлүмүнө жөнөткөн. Ал жерде милиция кызды бир гана жолу суракка алып, кылмыш ишин козгогон, бирок шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген эмес. Мындан тышкары, алдын ала маалыматтар боюнча, тергөөчүлөр кызды суракка алуу протоколун жана экспертизанын жыйынтыгын жасалмалашкан», — деп айтылган маалыматта. 

Замира Эшимбетова жашы жете элек кыздын өлүмүнө анын 22 жаштагы уулу мыйзамсыз айыпталып жатканын айтып чыкты. Ал уулу 6 айдан бери камакта экенин айтты. «Уулумду мыйзамсыз камап, кагаздарга кол коюуга мажбурлашкан. Кыздын өлүмүнө агасынын тиешеси бар деп эсептейм, алар үйдө жалгыз болушкан. Ошол түнү кыздын агасы чалып, кыз өз жанын кыйганын айткан. Албетте, биз иштин чоо-жайын билбейбиз. Ал кезде уулум шаарда жок болчу. Уулумдун эмне үчүн күнөөлүү экенин түшүнө албайм», — деди ал.

Эшимбетованын айтымында, уулуна жолукканда кыз 17 жашта экенин айткан. «Анда уулум 20 жашта, 3-курстун студенти болчу. Экөө жолугуп, бир күнү айылга келип, баш кошуу ниетин айтышты. Мен кыздын ата-энесине чалайын дедим эле, кыз номерин берген жок. Шаарга кетишти. Ошол убакта анын агасы милицияга арыз жазып, анын дайынсыз жоголгондугун билдирген экен. Шаарда аларды милиция кармап кеткен. Анан кыз уулумду жакшы көрөрүн, ансыз жашай албастыгын билдирген», — деди ал. 

Эшимбетова соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирди. «Анда менин уулум менен кыздын ортосунда жыныстык катнаш болгон эмес деген жыйынтык чыккан. Кыздын үй-бүлөсүндө кыйынчылыктар болуп, чоң ата, чоң энеси менен жашаган, алар каза болгондон кийин таежесинин колунда болчу», — деди ал.

Ал президент Садыр Жапаровго, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге, башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, акыйкат иликтөөнү жана мыйзамдуу чечим чыгарууну суранды.