Бишкектеги №33 мектепте бомба коюлганын айтууга шектүү окуучулар кармалды

Анонимдүү билдирүүлөрдү жасагандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

30-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринде боло турган теракттар тууралуу атайылап жалган билдирүүлөрдү жөнөтүүгө катышкан жарандар аныкталып, кармалышты.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана техникалык иш-чаралардын натыйжасында, кармалган жарандар борбор калаадагы №33 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары, 2009-жылы туулган Р.И.Д., 2008-жылы туулган К.А.А., 2008-жылы туулган Э.Э.В. бейбаштык максатында аталган окуу жайдын электрондук дарегине жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөндүгү аныкталды.

Окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында тартип бузгандар фейк аккаунттарды колдонуп, мектептин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн. Аталган окуучулар ата-энелеринин көзүнчө жасаган кылмыштарын моюнга алышкан. Учурда бул өспүрүмдөрдүн Бишкектеги жардыруулар боюнча анонимдүү маалыматтар боюнча башка ушул сыяктуу иштерге катыштыгы болгону тууралуу такталууда.