Бишкектеги №61 мектептин директору үй камагына чыгарылды

УКМК тарабынан кармалган Бишкектеги №61 физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин директору Юрий Низовский үй камагына чыкты. Бул тууралуу журналисттерге анын жактоочусу билдирди.

Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралган.

Кечээ, 9-августта Бишкектеги №61 физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин директору Юрий Низовский кармалган. УКМК билдиргендей, ал мектепте коррупциялык схема түзүп алган.