Бишкектеги 1 миллиард сомдук 2,5 гектар жер аянты мамлекетке кайтарылды

Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндө жайгашкан 2,5 гектар жер тилкеси орто мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген. Андан соң, аталган жер тилкеси Бишкек мэриясынын кызматкерлери менен алдын ала макулдашуудан кийин, 2011-жылы аукцион аркылуу 340 миң долларга жеке менчикке алынган, бирок аталган участоктун ошол кездеги иш жүзүндөгү базар баасы 2 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Мындан тышкары, жер тилкесинин баштапкы багыты социалдык мааниге ээ экендиги аныкталып, ал соода борбору бар көп кабаттуу турак жай комплексин куруу үчүн өзгөртүлгөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жер тилкесинин ээси аталган участокту мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен акысыз өткөрүп берди. Учурда ушул сыяктуу фактыларды жана тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.