Бүгүн, 30-августта Бишкектеги 13 жаштагы кыздын кордолушу боюнча соттук отурум өтүп, сот өкүм чыгарды.
Маалыматка караганда, процесске Азис Эшалиев төрагалык кылды. 2 милиция кызматкери 15 жылдан эркинен ажыратылды. Ал эми «Дордой» базарынын күзөтчүсү 10 жылга эркинен ажыратылды. Үч соттолуучудан тең жабырлануучунун пайдасына 100 миң сом өндүрүлгөн.
- Ушул жылдын февраль айында милицияга секелек кыздын апасы кайрылып, арыз жазган. Ал өз арызында анын 2008-жылы туулган кызын Кулиев көчөсүндөгү үйдө 16-февралда саат 21:00 чамасында зордуктаган жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган жаран кармалган. Бирок андан көп өтпөй, бул ишке милиция кызматкерлеринин да тиешеси бар экени маалым болгон. Тактап айтканда, 3-мартта милиция кызматкерлери тарабынан Свердлов РИИБдин участкалык кызматкери кармалган. Андан тышкары, 41 жаштагы кароолчу болуп иштеген жарандын жана 39 жаштагы Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген жарандын кармалганы маалым болду.
- Жергиликтүү маалымат каражаттарына жабырлануучу «Дордой» базарындагы дүкөндүн сатуучусу «кулакчын уурдоого аракет кылдың» деген себеп менен аймакта кароолчулук кылган 40 жаштагы адамга кармап бергенин айткан. Ал кызды 10 жылга камаласың деп коркуткан. Акчасы жок экенин айтканда унаасында зордуктаган. Кыздын атасынын айтуусунда, кызды былтыркы жылдын август айынан быйыл февралга чейин эки милиция кызматкери жана дагы бир адам бири-бирине өткөрүп, коркутуп, зордуктап жүрүшкөн.