Бишкектеги 13 жаштагы кыздын колдон колго өтүп кордолушу. Төртүнчү шектүү 8 жылга соттолду

Бүгүн, 4-октябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда 13 жаштагы кыздын колдон колго өтүп кордолушуна шектелип кармалган төртүнчү шектүү боюнча соттук отурум өтүп жатат. Ал 19 жаштагы жигит. Ал шаардагы кафелердин биринде официант болуп иштечү.

Тараптардын жарыш сөзүндө мамлекеттик айыптоочу соттолуучуну Кылмыш-жаза кодексинин «16 жашка чыга элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 9 жылга эркинен ажыратууну суранды. Кеңешме бөлмөсүнөн чыккан сот 8 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмдү окуду.