27 жашында 34 жаштагы жолдошу тарабынан бычакталып, алган оор жаракатынан улам ооруканада бир үйдүн көкүрөк күчүгү, эрке кызы жан бергенин айтып “SUPERTV” телеканалына маркумдун жакындары кайрылды. Бул оор жоготууга ишене албай жатканын айтканын алар “кызыбыз гүлдөй жайнап турган кезинде кете берди” дешет. Келиндин жолдошу да алган жаракаттан улам учурда жандандыруу бөлүмүндө жатканын анын атасы айтып берди.
«Мен келиндин кайнатасы болом. Уулум менен келинимдин ортосунда 1 уул, 1 кыз бар. Жазында чогуу жашаганына 9 жыл болмок. Биз менен чогуу турчубуз. Окуя болгон түнү үйдө эле болчубуз. Кечинде уулум менен келиним жумуштан келишкен. Жакшынакай эле сүйлөшүп отурушкан. «Ата, чай ичиңиз» деп чакырып, баарыбыз чай ичтик. Анан жатканбыз. Эч кандай үн деле чыккан жок. Кызым жумушка барайын деп турса эле, кан болуп калыптыр. Экөө бир-бирин бычактаптыр. Кызым көрөрү менен кыйкырды. Секирип турдук. Төшөктүн баары кан. Балдары жанында болгон. 2 баласы жанында болчу. Жүрөктөрү түшүп калыптыр. Аялым менен кызым келинди кийинтип, унаага салып, балам экөөнү ооруканага алып бардык. Киргизип кетишти. Уулумду операцияга алып киришти. Келинди болсо 20 мүнөттөн кийин дарыгер чыгып, сактай албай калышканын айтты.
Экөө жакшынакай эле кирип жатышкан. Кыздай болгон келин болчу. Кызымдай кылып алгам. Балам да жакшы болчу. Намаз окуй баштаган. Эмне болуп шайтан аралап кетти билбейм. Уулумдун өпкөсүндө 2 тешик бар экен дешти. Азыр жандандыруу бөлүмүндө экен. Жанында милиция кызматкерлери бар. Неберелер жаныбызда. Кудам менен бир туугандайбыз. Мен катышты үзбөйм, ортодо 2 бала бар. Неберелерди багам. Бизге жакын. Мыйзамдуу каралсын. Күнөөлү болсо карасын. Азыр уулум сүйлөбөй жатат. Азыр жатат, жакшы эле дешти»,- деди ал.