Бишкектеги 27 жаштагы келиндин өлүмү. «Кызым күлүп-жайнап жүрчү» дейт атасы

27 жашында 34 жаштагы жолдошу тарабынан бычакталып, алган оор жаракатынан улам ооруканада бир үйдүн көкүрөк күчүгү, эрке кызы жан бергенин айтып “SUPERTV” телеканалына маркумдун жакындары кайрылды. Бул оор жоготууга ишене албай жатканын айтканын алар “кызыбыз гүлдөй жайнап турган кезинде кете берди” дешет. Келиндин жолдошу да алган жаракаттан улам учурда жандандыруу бөлүмүндө жатканын анын атасы айтып берди.

«Кызым жолдошу менен 9 жыл жашаптыр. Күйөө балам деле жакшы жүрчү, анан эмне болуп кетти билбейм. Байкушум «кичине урушуп жатабыз» деп айтчу. «Жашагыла, көнүп кетесиңер, идиш-аяк кагышат, апаңар экөөбүз деле кээде урушабыз» деп тыйып койчумун. Күнөө менде. Алып келип алсам болмок экен. Ыйлап гана кетти. Мени акыркы жолу күлүп-жайнап узаткан. Ошол бойдон көрбөй калбадымбы. Мончоктой кызымдан айрылдым. 

Таңкы саат 6да кудам чалды. Чоочуп кеттим. Ыйлап жатты. Мен сөздөрүнө түшүнбөй, «ыйлабай айкылачы» дедим. «Бычактап салбадыбы» деп жатты. «Аманбы» десем, «аман» деди. 5-10 мүнөттөн кийин кайра чалып, «айрылдык» деди. Куда-кудагый деле жакшы киши болчу. Ушундай болуп кетерин кайдан билдик? Көрсө, кызымды ыйлатып жүрүптүр да. Кызым ичинде сактап жүрүптүр. Кайын журт кызымды аябай мактачу. Күлүп-жайнап турчу. Кабак бүркөчү эмес. Арманда, жаш, бир гүлү ачылбай кетти. Эми ал бала мыйзам боюнча жаза алсын. Куда деле «баары менен макулмун» деп жатат», — деди атасы Нурланбек Абылдаев.