Бишкектеги 3 унаанын катышуусундагы жол кырсыкта 1 адам көз жумуп, экөө жараат алды

Бүгүн, 10-декабрда саат 9:10 чамасында Аалы Токомбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Анда Лексус, БМВ жана Тойота Эстима үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Бишкек шаардык тез жардам борборунан билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каза болуп, дагы 2 адам орто оор абалда ооруканага жеткирилген.