Бишкектеги айып короодо 4 унаа өрттөнүп кетти. Кырсыктын видеосу

Бүгүн, 26-майда Бишкектин Октябрь районунун Горький көчөсүндө ИИМдин айып короосунда унаалар өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө Октябрь райондук №5 Өрткө каршы бөлүмдөн 1 бөлүм тартылып, унаадан чыккан өрт саат 9:39да чектөөгө алынган. Ал эми капысынан чыккан тилсиз жоо саат 10:00дө толугу менен өчүрүлдү.

Өрттөн жабыркаган унаалар:

1. Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.
2. Киа үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.
3. Форд Фокус үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.
4. Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаа арткы оң капталы күйгөн. Учурду өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Ал арада социалдык тармактарга кырсыктын видеосу тарады.