Бишкектеги айып короодо турган төрт жеңил унаа күйүп кетти

Бишкектеги айып короодо турган төрт жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинен билдиришти.

Короодогу Ауди-80 жана Ниссан Примера үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Хонда Аккорд жана Мицубиси үлгүсүндөгү унаалардын бир бөлүгү өрттөнгөн. Өрттүн себеби такталууда.