Бишкектеги аквапаркта көз жумган окуучу боюнча комиссия түзүлүп, мектеп жетекчилигинин жоопкерчилиги каралат

Бишкектеги аквапаркка чөгүп, көз жумган окуучу боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

«Окуучулар ата-энелери менен биргеликте бассейнге барышкан. Окуучу чөгүп, көз жумган. Учурда Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы бул ишти кароо боюнча башкармалыктын, райондук билим берүү борборунун, акимчиликтин жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кызматкерлеринен комиссия түздү. Комиссия бул окуяны изилдеп, мектеп жамаатынын канчалык деңгээлде катыштыгы бар экенин жана жоопкерчилигин аныктайт», — деп айтылат маалыматта.