Бишкектеги ала качуу. Ала качуунун дагы бир жабырлануучусу доодон баш тартты

иллюстрация

Бишкекте кызды ала качуу иши жабылды. Бул тууралуу адвокат Агзам Дүйшөналиев билдирди. Анын айтымында, жабырлануучу кылмышкерлерди кечирип, тараптардын жарашуусу боюнча келишимге кол койгон.

«Башында сот кылмыш ишин «адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренесинен «адамды никеге турууга мажбурлоо» беренесине өзгөртүлгөн. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тараптардын жарашуусу үчүн ишти кыскартты. Көрсө, кыз уурдалган эмес, ал өз ыктыяры менен Ысык-Көлгө барган, бирок ал жактан үйлөнүүгө аргасыз болушкан. Айыпталуучу дагы, жабырлануучу дагы, прокуратура дагы соттун чечимине даттанган жок», — деди Агзам Дүйшөналиев.

2020-жылы август айында борбор калаада 21 жаштагы кызды уурдап кетип, Ысык-Көл облусунун Түп районуна алып кетишкен. Жабырлануучунун туугандары аны көпкө чейин таба алышкан эмес. Милиция үч шектүүнү — болочок күйөө баланы жана анын туугандарын кармаган.