Бишкектеги «Алтын Казына» кафесинде чыккан өрт чектөөгө алынды (сүрөт)

Бишкектеги «Алтын Казына» кафесинде чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалымат боюнча, ӨКМге Жибек Жолу менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылып, өрт саат 15:08де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.