Бишкектеги автобус айдоочусу менен жеңил унаанын айдоочусунун мушташы. Милиция маалымат берди

Социалдык тармактарда жеңил унаанын айдоочусу менен автобустун айдоочусунун мушташып жаткан видеосу тараган. Видеодон көрүнгөндөй, унаанын айдоочусу автобус айдоочусун терезеден уруп жатканын көрүүгө болот.

Бүгүн, 25-октябрда Милициянын кайгуул кызматы маалымат таратып, Kia morning унаасынын айдоочусу милиция бөлүмүнө жеткирилгенин билдиришти.

«Кечээ саат 09:00 чамасында балдарды бала бакчага алып баруу үчүн бара жаткам. Автобустун айдоочусу бир нече жолу жолумду кести, анын айынан жол кырсыгына туш боло жаздадым. Уруша кеттик. Ал менин жеке инсандыгыма асылды. Мындан ары мындай кайталанбайт деп айта алам», — деди айдоочу.