Бишкектеги автобуста контролерго кол көтөргөн жаранга айып салынды

Бишкекте №226 автобуста контролерго кол көтөрүү болгон. Жүргүнчү башка бирөөнүн «Тулпар» жеңилдик берүүчү картасын колдонгон. Аны аныктаган контролер жүргүнчүдөн картасын алып коюуну чечкен, ошондо жүргүнчү контролерге кол салган. Свердлов РИИБден шектүү аныкталганын билдиришти.

1960-жылы туулган жаран тергөө кызматына жеткирилген. Свердлов райондук сотунун чечими менен ал Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинде (майда бейбаштык) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 55 эсептик көрсөткүч, башкача айтканда, 5 миң 500 сом айып салынган. Ошондой эле профилактикалык сүйлөшүү өткөрүлдү.