Бишкектеги автобуста контролерго кол көтөрүү болду (видео)

Бишкекте №226 автобуста контролерго кол көтөрүү болду. Бул тууралуу журналисттерге мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүнчү башка бирөөнүн «Тулпар» жеңилдик берүүчү картасын колдонгон. Аны аныктаган контролер жүргүнчүдөн картасын алып коюуну чечкен, ошондо жүргүнчү контролерге кол салган.

Видеодон көрүнгөндөй, контролер милиция чакырам деген соң, жүргүнчү автобустан түшүп кеткен. Иш укук коргоо органдарына өткөрүлгөн.

Мэрия өзүнүн картасын башкаларга берүүгө жана бирөөнүн картасын колдонууга тыюу салынарын эскертет. Мындай учурларда контролерлор жүргүнчүлөрдөн транспорттук карталарды алып коюуга укуктуу.