Бишкектеги аялдаманын эшигин сындырып, сыналгы уурдап кетишкен

Борбор калаада белгисиз адамдар аялдамадагы сыналгыны уурдап кетишкен. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Бишкек шаарында жаңы форматтагы аялдамадан мүлк уурдалды. Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамадан белгисиз адамдар эшикти сындырып, сыналгыны уурдап кетишкен. Учурда бул маселе укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө. Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун мыйзамдарды бузбоого жана башка адамдардын мүлкүнө аяр мамиле кылууга чакырат», — деп айтылат маалыматта.