Бишкектеги «Азия Молл» соода борборунда бомба изделип жатат

Бүгүн, 29-майда саат 10:05 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Жерине Ленин РИИБдин кызматкерлери барышкан. Учурда соода борбор милиция тарабынан курчоого алынып, иштер жүрүп жатат.