Бүгүн, 15-декабрь күнү Бишкектин Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан «Азиз» базарында контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп жана штаб, ККББдан ыкчам топ тартылган. Жеринде өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.